super.kg logo

Жалал-Абадда күч түзүмдөрүнүн арасында «Эрдин дили сатылса да, тили сатылбайт» аттуу кароо-сынак өттү

 

Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы драма театрында күч түзүмдөрүнүн арасында «Эрдин дили сатылса да, тили сатылбайт» аттуу кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, сынак "КРнын Мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдык мааракесине жана Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата уюштурулду. Ага шаар ичинде жайгашкан Аскер комиссариаты, ички иштер бөлүмү, Өрткө каршы кызматы, №10-түзөтүү бөлүмү, №5-өзүнчө батальон, 704-ички аскер бөлүгү болуп, 6 мекемеден түзүлгөн командалар кароо-сынакта жободогу тапшырма боюнча мамлекеттик тилге болгон дареметин көрсөтүштү.

Ал эми кароо-сынактын катышуучусу, ИИМдин ички аскерлеринин Жалал-Абад шаарында жайгашкан 704-аскер бөлүгүнөн келген “Беш жылдыз” тобунун башчысы Бегимкулов Мараттын айтымында, мындай сынактардын болуусу жаштарга дем-күч берет жана кыргыз тилинин өсүүсүнө да бир топ өбөлгө болот. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай жана диплом менен баалуу белектер тапшырылды. Айта кетсек, аталган сынакка Жалал-Абад шаардык бюджетинен 39 миң сом бөлүнгөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: