Ырчы Анжелика 7 жылдан соң жеке концертин берди (фоторепортаж)









































































7-майда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" борборунун амфитеатрында ырчы Анжелика жеке концертин берди. Саат 18:30га белгиленген концерт 19:55те башталды. Ырчы 7 жылдан бери жеке концертин бербегенденби, күйөрмандары амфитеатрдын 100 пайызын ээледи.
Мындан тышкары Анжелика ысымын алып жүргөн кичине кыздар концертке бекер кирип, ырчыдан белек алышты.
"Мен 7 жылдан бери жеке концерт бере элек болчумун. Концертке мыкты даярдык көрдүк. Бул күндү көптөн күткөндүктөн, учурда толкунданып жатам",- дейт Анжелика.
Ырчыны куттуктап Казакстандын ырчы мырзасы Айкын, КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков, Омар, Арсен, Асел Касымова, Назгүл Токтакунова, Малика Дина, Неля, Айжан Газиева, "Style Mix" триосу келип өнөрлөрүн тартуулап кайтышты.
Ыр майрам ырчынын ырлары, чимириле бийлеген бийчилердин бийлери, элдин шаңдуу колдоосу менен өттү.
Анжеликанын концертинен репортаж


Arabella, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз, жеке айтышууларга тыюу салынган! 2 күн БАН!
ASYL91, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек.
???