super.kg logo

Баткендин айылдары сел каптоодон зыян тартууда

 

Баткен районунун Ак-Сай айылында 7-май күнү саат 19:00 чамасында сел жүрдү. Муну бүгүн, 8-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. 

Селдин кесепетинен 150 метр узундуктагы унаа жолу сел калдыктарына толуп, 6 гектар айдоо жерлери ылай алдында калды. Ал эми Кыштут айылында 6-майда Көк-Сай сайынан сел жүргөн. 8 үйдүн чарбактарына сел суулары кирген. Кыштут-Таян-Чарбак айылдарына баруучу каналдын суу буруучу дамбасын сел жууп кеткени белгилүү болду. 

Кыштут айылындагы унаа жолунун 2 чакырым аралыгы ар кайсы жеринен бузулду. Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 12 жерин сел жууп кеткен. "Тазалоо иштерине жеке менчик 1 самосвал, 1 экскаватор тартылып, иштер жүргүзүлүүдө",- деп билдирет ӨКМ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.05.2014. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым күтүлүүсүз кырсыктан өзүң сакта...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: