Майрамдык иш-чаралардын учурунда коомдук тартипти 1500дөн ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Бишкекте 8-9-май күндөрү майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда милиция
кызматкерлери күчөтүлгөн абалда иштейт. Коомдук тартипти Бишкек гарнизонунун 1560 милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул
тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, өзгөчө көңүл ири иш-чаралар өтүп жаткан “Ала-Тоо”, “Жеңиш” аянтына, "Аккула" ат майданына жана "Спартак" стадионуна бурулмакчы.
Аталган жайларга спирт ичимдиктерин, пиротехникаларды алып келүүгө, мас абалындагы адамдардын кирүүсүнө чектөө коюлат. Борбордун көчөлөрүндө жана коомдук жайларда коопсуздукту камсыздоо максатында Кайгуул-күзөт кызматынын жана Жол-кайгуул кызматынын кошумча бөлүктөрү, түнкү жана күндүзгү режимде кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери тартылмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.