super.kg logo

Орусиянын прима-балеринасы Анна Антоничева Бишкекте коюлуучу "Жизель" спектаклинде роль жаратат

 

Орусиянын Эл артисти, Чоң театрдын прима-балеринасы Анна Антоничева 17-майда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коюлуучу “Жизель” спектаклинде роль жаратат. Анын өнөктөшү, Мариинск театрынын солисти, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти Антон Корсаров болот. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда аталган театрдан кабарлашты.

Белгилей кетсек, “Жизель” - фантастикалык балет. Аны Генрих Гейне айтып берген уламыш боюнча композитор Адольф Адан, Анри де Сен-Жорж, Теофиль Готье жана Жан Коралли жаратышкан. 2 акттан турган балет биринчи жолу 1841-жылы 28-июнда коюлган. Спектаклдеги Жизель менен Альберттин ролу техникалык чеберчиликти жана актёрлук чоң эмгекти талап кылат.

Анна Антоничева Бакуда төрөлгөн. Ал  Бакудагы хореографиялык окуу жайда окуп, кийин Москвадагы хореографиялык окуу жайга кабыл алынган. Орусиядагы Чоң театрдын курамында 1991-жылдан бери бийлеп келет. Ал ондогон классикалык жана неоклассикалык балеттерде башкы ролдорду жараткан.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: