Кыргыз мамлекеттик циркинде маалыматтык-тарыхый музей ачылды
7-май күнү Кыргыз мамлекеттик циркинде маалыматтык-тарыхый музей ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Кыргыз циркинин кызматкери Сергей Румянцев билдирди.
Автор: Дамира Арстанова
Анын айтымында, аталган музей цирктин 2-кабатындагы фойеден орун алган. Анда артисттердин буга чейин колдонуп келген буюмдары, кийген костюмдары, жетишкендиктерин чагылдырган сүрөттөр, дипломдор коюлган.
"Кыргыз циркинин тарыхы абдан кызыктуу. Цирктин буга чейинки техникалык абалын да бул музейге коюлган сүрөттөрдөн көрүүгө болот",- дейт цирктин кызматкери.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.