Кыргызстанда Медайымдардын эл аралык күнү белгиленет

Кыргызстанда 12-май күнү Медайымдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Саламаттыкты сактоо тармагында медайымдардын кылган кызматы зор. Өз ишин мыкты билген адистердин жергиликтүү калкка кылган кызматы аркылуу ден соолуктарын чыңдоодо жана ооруларын алдын алууда салымы чоң. Азыркы күндө медайымдар бейтаптардын жардамчысы гана эмес, аларга окутуучу катары да иш алып келүүдө. Ал эми алыскы аймактарды алсак, саламаттыкты сактоо боюнча калкка медициналык жардамды бир гана медайымдар көрсөтүшүүдө”,- деп белгилейт басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 1-январына карата республика боюнча медициналык жаатта орто билимдүү 31,928 адис эмгектенет. Ал эми 2012-жылы алардын саны 31,081 адамды түзгөн.Медайымдардын күнү 141 өлкөнүн медайымдары кесиптик коомдук уюм болгон Эл аралык медайымдар кеңешине бириккенден бери белгиленип келет. Аталган майрамдын калыптанганына 150 жылдан ашканына карабастан, аны 12-майда белгилөө 1974-жылы расмий чечим менен бекемделген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
aizada1988

08.05.2014. 14:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу ак халатчандар келе жаткан майрамыныныздар менен!!!
deer

09.05.2014. 06:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suyuktuu apamdi kele jatkan mayrami mn kuttuktaym!!! janinizda bolo albasam da ar dayim emgeginizdi baalaym!!! chindiginda ayil jerlerdegi FAPtarda iwtegen med ayimdarinin kee bir vrachtardan koburook jardami tiyet karapayim kalkka.emgekterinizdin uzurlorun korunuzdor!!!
Jakykg

09.05.2014. 08:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кымбатту медайымдар келе жаткан майрамыныздар менен +туулган кунум менен!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.