super.kg logo

Бишкекте "Серенада" тасмасынын бет ачары болуп өттү

 
Тасманын бет ачарына КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева келип катышты.
Тасманын режиссёру Рустам Аташов.
Баш каармандар Нургазы жана Мээрим.
Бүгүн, 8-майда Бишкектеги Кино үйүндө "Серенада" аттуу комедиялуу мелодраманын бет ачары болуп өттү. Бет ачар аземге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, белгилүү кино чеберлери, ырчылар Сапар Эркебаев, Өктөм Сапар уулу келип катышты. Келген конокторду тасманын режиссёру Рустам Аташов жана продюсери Дамир Нарматов жылуу тосуп алып жатышты.
Жаз, сүйүү, музыка, тамаша камтылган бул тасмада башкы ролдорду жаш таланттар Нургазы Калдаров жана Зарина Эгембердиева ойношту. 
Тасмада башкы каарман Мээрим аттуу жетим кыздын ролун жараткан Зарина: "Бул менин эң алгачкы ролум. Каарман экөөбүздүн тагдырыбыздын окшоштуктары бар болгондуктанбы, образды ачып берүүдө көп деле кыйналган жокмун",- дейт. Ал эми Нургазы Калдаров: "Бул ролго Рустам Аташовдун сунушу менен тартылып калдым. Кесибим - актёр. Буга чейин бир нече тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткам. Тасмадагы Нургазынын ролу менин эң алгачкы башкы ролум. Кыйынчылыктар көп деле болгон жок. Жыйынтыгы кандай болгонун көрүүчүлөр баалашат",- дейт. 
Тасманын кыскача мазмуна токтолсок, башкы каарман Нургазы бала кезинен ырчы болууну самап, күнүгө күзгүгө каранып ырдап-бийлеп, өзүнчө кыялданып жүрөт. Күндөрдүн биринде алардын айылына, Алайга өз энесин издеп балдар үйүндө тарбияланган Мээрим аттуу кыз келет. Ал энесин таппай кетип баратканында ага жолдон мас киши тийишет. Андан качкан кыз айылдын эң бай тургуну Төрөбайдын дарбазасына кире качат. Бул үйдө Нургазы үйлөнө турган Мээрим деген кыз жашачу. Эки тараптын сүйлөшүүсү боюнча кызды жеңеси чыгарып бермек болот. Бул учурда келген Нургазынын эжелери Төрөбайдын кызы эмес, шаардан келген Мээримди ала качып кетишет. Жаңы келген келин менен кошо бул үйгө ынтымак, ырыскы кирет. Бирок көпкө узабайт. Ачуу басарга барган кайнежелер Төрөбайдын кызы Мээримди эмес, шаардан келген жетим кыз Мээримди ала качып алышканын билип, келинди үйдөн кууп чыгышат. 
Мындан ары тасма күлкү, ый аралашкан окуялар менен курчуп отурат. Мээримди аркасынан издеп келген Нургазыны балдар тоноп кетип, жылаңач калат. Кийин бир эженин жардамы менен театрга пол жуугуч болуп жумушка орношот. Ошол жерден артисттер анын талантын байкап, катарына кошуп алышат. Нургазы аз убакыттын ичинде ырчы болуу кыялына жетип, көптөгөн күйөрман топтоп, атактуулукту багындырат. Эл аны түнт мүнөзүнөн улам "күлбөс Нургазы" деп атап коюшат. Бир күнү ал телевидениеге келгенде бул лакап атынын түйүнүн чечип, Мээрим аттуу кызды издеп жүргөнүн билдирет. Нургазыны теледен көргөн Мээрим анын концертине барып жолугат. 
Белгилей кетсек, бул тасма Рустам Аташовдун 11-тасмасы. Режиссёр бул тасманы Нооруз майрамында тартып баштаганын, тартуу иштери толук 1 айга созулганын белгиледи. 





"Серенада" тасмасынын бет ачары болуп өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
08.05.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коруш керек,супер инфо сиздерден кутобуз:)
SUPER.KG видео
09.05.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
качан чыгат интернетке
SUPER.KG видео
09.05.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер инфодон коробузго биринчи......ееее
SUPER.KG видео
09.05.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ош шааарымды коруп суйунуп алдым
SUPER.KG видео
09.05.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
менин туулуп оскон айылым го алга алай
SUPER.KG видео
09.05.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не актриса кыз жетим бекен,мен озумун жашоомо окшош экен дейтко.
SUPER.KG видео
09.05.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ohoooo... Zari, kinogo da chygyp alganga jetishtinbi? Azamatsyn!!! Iygilik kaalaym!!! :)
SUPER.KG видео
10.05.2014. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ооба бул менин айылым.Алмалык.
SUPER.KG видео
11.05.2014. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино окшойт. Бирок кинонун аты эмнени тушундурот. Билгендер айтып койгула.
SUPER.KG видео
11.05.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
негизи Рустам байке мыкты режиссер! бардык кинолору адамды ойлондурчу!
SUPER.KG видео
11.05.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
женелери алып качышбайтко.....
Самара Эгембердиева татынакай сулуууу кыз экен суйлогонуда назиииик
суйуп калдым:)
SUPER.KG видео
11.05.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
serenada degen yrdy kaıdan tapsam bolot jardam bergıle4ı suraany4
SUPER.KG видео
12.05.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тасманын идеясы жакшы, аракеттер жакшы көрүлгөн. Бирок, менин купулума толгон жок. Катардагы кино. Баланын эжелерин ашыкча ажылдатып, ызы чуу кадырлар көп, адабий тил 0, иши кылып зеригиштүү болду көрүп бүткөнчө.
SUPER.KG видео
17.05.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нургазы, классташ, ийгилик сага!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: