super.kg logo

Орусияда Кыргызстандын Маданият күндөрү башталып, Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган конференция өттү

 

Бүгүн, 8-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү ачылды. 

Иш-чара Орусиянын Улуттук китепканасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун ачылышы менен башталды. КРнын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев башында турган кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, КМШ ПАА Секретариаты жана башка расмий адамдар гүл коюуга катышты. 

Андан соң “Манас” эпосуна жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган “Орус окумуштуулары “Манас” эпосу тууралуу” темасындагы конференция өттү. 

Конференцияда Каныбек Иманалиев, Орусиянын Илимдер академиясынын Чыгыш кол жазмалар институтунун (ОИА ЧКИ) ага илимий кызматкери С.Г.Кляшторный, Орусиянын А.И.Герцен атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Г.Ионин, “Манас”эпосунун белгилүү изилдөөчүсү Т.Бакчиев, “Невский альманах” журналынын башкы редактору В.Скворцов жана ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын илимий, маданий жана искусство ишмерлери баяндама жасашты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: