super.kg logo

Эртең Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында фашизмге каршы митинг өтүп, Украинанын бийлигине талаптар айтылат

 

Эртең, 9-майда саат 13:00дө Бишкекте Кыргызстандагы Украинанын элчилигинин алдында фашизмге каршы митинг өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Юрий Копытин интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жарыялады.

Анын айтымында, аталган нааразылык акциясы Улуу Ата Мекендик согушта жана Украинада болгон окуяларда фашисттердин колунан каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү менен башталат. Андан соң катышуучулар эл алдына чыгып, өз сөздөрүн айтышат. Мындан тышкары иш-чаранын жүрүшүндө Украинанын бийлигине даректелген резолюция окулуп, ага ылайык төмөнкү талаптар айтылат:

1. Украинанын Одесса, Славянск жана Краматорск шаарларындагы өлтүрүүлөр боюнча кескин түрдө ар тараптуу тергөө амалдарын жүргүзүү. Ушул кылмышка күнөөлүүлөрдү жазага тартуу. 

2. Экстремисттик улутчул партиялардын жана кыймылдардын ишине тыюу салуу. Буларга “Свобода” жана “Правый сектор” уюмдары кирет.

3. Украинаны федерализациялоо боюнча референдумду өткөрүү.

"Иш-чараны милиция кызматкерлери көзөмөлдөшөт. Мас абалда келгендерге митингге катышууга тыюу салынат. Провокацияларды жүргүзүүгө аракет кылгандар укук коргоочуларга тапшырылат",- дейт активист.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: