Ырчы Самара Каримова жеке концертинде Жумамүдүн Шералиев атындагы төш белги тагынды жана белекке темир тулпар алды (фоторепортаж)
Концертке даярдык.


Концертке даярдык.

Самаранын бир тууган иниси Сагынбек Каримов эжесин куттуктап ыр белек сунду.

Келген көрүүчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгүн улуу муундун өкүлдөрү түзүштү.

Концерттин башынан аягына чейин ырчыны "Береке" бий тобу коштоп бийледи.

Концертти "Береке" бий тобу ачып берди.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева менен ЖКнын депутаты Жусупали Исаев ырчыга "Лейлек" коомдук фондунун атынан Ардак грамота тапшырышты.

Келген коноктордун баары Самараны тарбиялап өстүргөн анын атасы, кыргыздын белгилүү ырчысы, аккордеончусу Эрмек Каримовго ыраазычылык билдирип жатышты.

Концерттин жүрүшүнөн.

Самара Каримова атасына "Сагынганда атакемди" ырын арнады.

КРнын Эл артисти Токон Эшпаев карындашын той-кечеси менен куттуктаганы атайын Ош шаарынан келиптир.

Жумамүдүн Шералиев атындагы фонддун өкүлдөрү ырчыга улуу композитордун атындагы төш белгини тагышты.

Концерттин жүрүшүнөн.

Концерттин дагы бир коногу белгилүү ырчы, обончу Бабаравшан Тургунбаев.

Ырчыны сахналашы Гүлнур Асанова куттуктап келди.

Ырчынын жандуу үн менен залды жара ырдаганы элдин купулуна толду.

Самара Каримованын жердеш ишкер агалары ырчыга Хонда үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырышты.

Агаларынан кем калбаган эжекелери ырчыга үй-бүлөлүк бакыт каалап, белектерин беришти.

Агаларынан кем калбаган эжекелери ырчыга үй-бүлөлүк бакыт каалап, белектерин беришти.

Самаранын ата-энеси да ырчынын чыгармачыл кечесине күбө болушту.

Унаанын ачкычы күтүүсүз белек болдубу, айтор, ырчы өзгөчө толкунданып турду.

Самаранын аткаруусундагы "Миллион алых роз" ыры элдин өзгөчө кол чабуусуна арзыды.

Концертте Самара бир гана кыргызча эмес, казак, орус, итальян тилдеринде да обон созду.

Концертте ырчы патриоттук маанайдагы ырларды да аткарды.
Бүгүн, 8-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жаш ырчы Самара Каримованын чыгармачылык той-концерти болуп өттү. Концертти "Береке" бий тобу ачып, андан соң сахнага бүгүнкү күндүн күнөөкөрү Самара Каримова чыга келди. Кечени алып баруу милдети КРнын Эл артисти Саламат Садыкова менен куудул Жаныбек Алыкуловго тапшырылыптыр. Алып баруучулар эл менен амандашып алгандан кийин сахнага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, ЖКнын депутаты Жусупали Исаевди чакырышты.
"Эмгек менен дос болгуң келсе, анда келгин Лейлекке" деп сөз баштаган министр Баткен жергесинен көптөгөн таланттардын чыкканын, алардын бири Самара Каримова экенин айтып, ырчыга чыгармачылык ийгилик каалады. Ал эми депутат Жусупали Исаев өзүндөй талантты тарбиялаган Эрмек Каримовго, ырчынын атасына ыраазычылык билдирип, ал тууралуу жылуу пикирлерди айтып өттү. Сөзүнүн соңунда Самарага "Лейлек" коомдук фондунун атынан Ардак грамота тапшырды.
Концерттин аты айтып тургандай эле чыныгы той-концерт болду. Ырчы белекке маарыды. Дегеним, ырчыны куттуктап жердеш ишкер агалары, агаларынан кем калбаган эжелери, Аялдар конгрессинин, Жумамүдүн Шералиев фондунун өкүлдөрү келип, куттук сөздөрүн айтып, белек-бечкек, сыйлыктарды тапшырышты. Самара Каримова улуу обончу жана композитор Жумамүдүн Шералиев атындагы төш белгини тагынып, аталган фонддун түштүк жергесиндеги координатору болуп дайындалып, күбөлүктү колго алды. Ырчынын жердеш ишкер агалары куру келбей, "өзүбүз Германиядан айдап келдик" деп Хонда үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырышты. Куудул Жаныбек Алыкулов "Япониянын машинасы Германияда эмне кылып жүрөт?" деп тамаша ыргытып, Мерседес унаасы тууралуу азили менен залды күлкүгө бөлөдү.
Той-концертте ырчы жалгыз ырдаган жок. Аны чыгармачылык кечеси менен куттуктап КРнын Эл артисти Токон Эшбаев, Бабаравшан Тургунбаев, Абидин Темиров, Гүлнур Асанова, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков жана башкалар келип, көрүүчүлөргө ыр белек тартуулашты. Залдын 100 пайызын ээлеген эл жандуу үн менен коштолгон ыр кечеден эстетикалык рахат алып, ырчыга чыгармачылык ийгилик каалап, таркап кетишти.
Самара Каримова концертинде белекке маарыды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
3

Бирок чыныгы талант, таза ун .
Соз жок!!!! Суйлогону да оорундуу, ырларын дагы укмуш ырдаптыр!!! Молодец!!!!!!!!!