Ош шаардык кеңешинин төрагасы жана шаардын вице-мэрлери согуштун ардагерлерине акчалай жардам көрсөтүштү





Кечээ, 8-майда Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана шаардын вице-мэрлери Жапарбек Ормонов, Кутманалы Абдырахман уулу, Ильичбек Эргешов жана мэриянын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун 29 ардагеринин үйлөрүндө болуп, Ош шаардык кеңешинин жана мэриясынын атынан белектерди, 5000 сом өлчөмүндөгү акчалай жардамдарды тапшырышты.
Белгилүү болгондой, шаар жетекчилери ардагерлердин үйүнө барып куттуктап, жашоо шарттары менен таанышып, көйгөйлөрү бар болсо чечүүгө көмөктөшөрүн билдиришти.
Ал эми бүгүн, 9-майда калаа башчы Айтмамат Кадырбаев ардагерлердин үйлөрүнө барат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.