super.kg logo

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ардагерлерди Улуу Жеңиштин 69 жылдык мааракеси менен куттуктады 

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ардагерлерди, шаар тургундарын жана жалпы кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 69 жылдыгы менен куттуктайт.

Куттуктоонун тексти: 

"Ардактуу ардагерлер! Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди Улуу Жеңиштин 69 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм! Бул Улуу Жеңиш күнү элибиздин тарыхында караңгыны жарык, жамандыкты жакшылык, зомбулукту адилеттүүлүк жеңген күн катары өчпөс болуп жазылып калган. Жеңиш күнү бүгүнкү эгемендүү мамлекетибиздин келечегин аныктаган күн болгон десем жаңылышпайм. 9-Май эл ичинде мекенди сүйүүнүн, карыларга урмат-сый көрсөтүүнүн жана тынчтыктын кадырын баалоонун майрамы катары калыптанып калган.

Кан күйгөн согуш отун кечип, апаатта жаныңыздарды аябай Ата Журт үчүн жан үрөп күрөшкөн ардактуу аталар, энелер, эмгегиңиздердин жыйынтыгы бүгүнкү жарык күн деп билебиз. Жеңиш күндү алып келүүгө кошкон салымыңыздар, эбегейиз эрдигиңиздер урпактардын эсинен эч качан чыкпайт. Сиздердин Ата Мекенди коргоого кошкон баа жеткис салымыңыздар келечек ээлерин мекенди сүйүүгө, көздүн карегиндей сактоого дайыма үлгү болуп кала берет. Өкүнүчтүүсү - согуштун жана алаамат апаат убагында оорукта эмгектенген ардагерлердин арасы жыл сайын суюлуп баратканы. Бирок алардын ысымдары биздин жүрөгүбүздө бекем сакталат, эрдиги кылымдарга даңкталат. Урматтуу ардагерлер, сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, дөөлөттүү карылык каалайбыз. Оорубаңыздар, омоктуу орошон ойлоруңуздар биз үчүн кымбат. Дагы бир жолу Жеңиш майрамыңыздар менен!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.05.2014. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жон эле кетип калбайсынбы
11.05.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис озу келсе жакшы болот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: