Ош облустук ички иштер башкармалыгы ардагерлерди Жеңиштин 69 жылдыгы менен куттукташты



Ош облустук ички иштер башкармалыгы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерди Жеңиштин 69 жылдыгы менен куттукташты. Алгач согушка катышкандардын элесин эскеришип, Өчпөс отко гүлчамбарларды коюу менен салтанаттуу азем башталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Ага КР ИИМнин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Сүйүнбек Өмүрзаков, Ош ОИИБинин жетекчиси Ашым Тагаев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Алымжан Омошов катышты.
Алар согуштун жана ооруктун ардагерлерин майрамдары менен куттукташып, ИИМдин жана башкармалыктын буйруктарынын негизинде акчалай сыйлыктарды тапшырышты. Азем өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.