super.kg logo

Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтүүдө

 

Бишкекте бүгүн, 9-майда Кыргызстандагы Украинанын элчилигинин имаратынын алдында нааразылык акциясы өтүүдө. Учурда 50гө жакын адам чогулуп, акциянын катышуучулары “Фашизмге жол жок!”, “Батыш - террордун жана фашизмдин демөөрчүсү!” деген транспаранттар менен турушат.

“Чынында эле элчиликтин алдында транспаранттарды кармаган адамдар турушат. Мен алардын турганын айнектен көрдүм. Бирок бүгүн майрам. Элчиликте иш күн эмес. Чогулган эл нааразылык акциясын өткөрүп жатканын билген эмесмин”,- деп билдирди элчиликтин өкүлү.

Анын айтымына караганда, аталган акция туурасында эч ким алдын ала кабарлаган эмес. “Эгерде акциянын уюштуруучулары бизди кабардар кылса, биз даярданып, аларга жолугууга бармакпыз. А бирок бүгүн элчиликте эч ким жок”,- деп кошумчалайт өкүл.

Акциянын уюштуруучулары фашизм жана улутчулдукка каршылыгын көрсөтүшүүдө. Ага карата тийиштүү резолюцияны даярдашып, аны КРдагы Украинанын элчилигине аны тапшырууга ниеттенүүдө. Митингди милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: