super.kg logo

Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы митинг бүтүп, Украина бийлигине талаптар айтылды (фоторепортаж)

 
Иш-чара Украинада болгон окуяларда каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.
Фашизмге каршы митингдин жүрүшүнөн...
Митингдин катышуучусу "Фашизмге жол бербейбиз!" деп жазылган баракты кармап турат.
Айрым катышуучулар өзгөчөлөнгөн транспаранттарды даярдап келишти.
Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында
Нааразылык акциянын жүрүшүнөн
Катышуучулар Украинадагы окуяларда каза болгондорду эскерип, гүл коюшту.
Катышуучулар Украинадагы окуяларда каза болгондорду эскерип, гүл коюшту.
Митингдин жүрүшүндө Украинадагы окуяларда каза болгондорду эскерүүдө шамдар күйгүзүлдү.
Митингде "Фашизмге жол жок!", “Батыш - террордун жана фашизмдин демөөрчүсү!", "Одесса, Славянск, Краматорск, Луганск, биз сиздер менен!" деген сыяктуу ураандар айтылды.
Митингдин жүрүшүнөн
Катышуучулар Советтик Союзунун желегин алып келишти.
Уюштуруучулар акциянын катышуучуларын Украинанын бийлигине даректелген резолюция менен тааныштырып жатышат.
Митингдин катышуучулары
Советтер Союзунун желеги
Советтер Союзунун желеги
Митингдин катышуучусу Украинанын элчилигинин алдына "Украинанын эли, биз сени менен!" деп жазды.
Андан соң "Фашизмге жол бербөө!" деген жазууну кошту.
Иш-чара резолюцияга кол коюу менен аяктады.
Бүгүн, 9-майда Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында фашизмге каршы митинг өтүп, ага 50гө чукул адам катышты. Анын уюштуруучулары "Фашизмге жол жок!", “Батыш - террордун жана фашизмдин демөөрчүсү!", "Одесса, Славянск, Краматорск, Луганск, биз сиздер менен!" деген жазуулары бар транспаранттарды кармап турушту. 
Иш-чаранын жетекчиси Сергей Кожемякиндин айтымында, нааразылык акциясы жөнүндө милиция кызматкерлерине алдын ала айтылган. "Ошондуктан тынч митингибиз мыйзамдуу деп эсептелинет",- деди ал.

Мындан тышкары активист "акциянын максаты - фашизм жана улутчулдукка каршылыгыбызды билдирип, ушул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу" деп белгиледи.

Иш-чара Украинадагы окуяларда каза тапкандарды бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Анын жүрүшүндө уюштуруучулар жана катышуучулар Украинада болуп жаткан окуялар боюнча өз пикирлерин айтышты. Андан соң Украинанын бийлигине даректелген резолюция окулуп, аны колдоого кол чогултулду. 

Аталган резолюцияда төмөнкү талаптар коюлду:

1. Украинанын Одесса, Славянск жана Краматорск шаарларындагы өлтүрүүлөр боюнча кескин түрдө ар тараптуу тергөө амалдарын жүргүзүү. Ушул кылмышка күнөөлүүлөрдү жазага тартуу. 

2. Экстремисттик улутчул партиялардын жана кыймылдардын ишине тыюу салуу. Буларга “Свобода” жана “Правый сектор” уюмдары кирет.

3. Украинаны федерализациялоо боюнча референдумду өткөрүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.05.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жылда кыргыз мигрантарынын 300дон ашуун олугу келет россиядан. Анын жарымы оз ажалы м.н жана башка кырсыктардан каза тапса, жарымы ашынган улутчулдардын колунан каза табат. Эмне учун ушуну айтып РФнын элчилигинин жанында митинг кылбайсынар? Украиндер оз мамлекетинин бутундугу учун курошуп жатат. Ал эми ал жактагы сеператистер путлердин шыкагы м.н украина мамлекетин болуп жарууда. Биздинда баштан отподубу мындай окуя. Оштогу туугандар курсагы тойгондо бизге корсотподу беле ойунду.
09.05.2014. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sapar903, Туура айтасын туугани
10.05.2014. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой Россияны укпай жаткан Украина Кыргызстанды угабы. Жонгулочу кырылгыс кыргыздар.
10.05.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
барыдыгыле орустарго мен украинаны колдойм тура эле кылтат кыйынбыз деп эле басып ала бериш керекби
11.05.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Украинадагы беспорядокко СШАнын салымы коп акчадан,оружиядан жардам берип провокация кылып жатбайбы.улутчулдар баардык элдерде болот(тилекке каршы).РФ украинаны болуп жарган жок Крымдын элдери суранышты Путин кабыл алды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: