super.kg logo

Чүйдүн Сары-Жон айылында помидор өстүргөн 1,5 гектарлык күнөскананын ачылышы болду (фоторепортаж)      

 
Күнөскананын ачылышына КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жана башкалар катышышты.
Кыргызстандагы күнөсканалар ассоциациясынын президенти Говард Син конокторду күнөскананын иши менен тааныштырууда.
Күнөсканада помидор өстүрүүдө топурак эмес, атайын майдаланган кокос колдонулат.
Күнөсканада бышкан помидорлор
Күнөскананын ичи
Күнөскананын ичи
Помидор өстүрүүдө заманбап жабдуулар колдонулат.
Күнөскананын ичи
Помидор өстүрүүдө заманбап жабдуулар колдонулат.
Күнөскананын кызматкери
Помидор өстүрүүдө колдонгон каражаттар
Помидор өстүрүүдө колдонгон каражаттар
Помидор өстүрүүдө колдонгон каражаттар
Күнөскананын бир бөлүгүнүн ичинен көрүнүшү
Күнөскананын ичи
Бышкан помидорлор
Бышкан помидорлор
Күнөскананын кыргызстандык кызматкерлери
Күнөсканада өсүп жаткан помидорлор
Күнөсканада өсүп жаткан помидорлор
Күнөскананын аянты 1,5 гектар.
Күнөскананын жанындагы ушул аянтта дагы бир күнөскана ачуу пландалып жатыптыр.

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылында бүгүн, 10-майда күнөскананын ачылышы өттү. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жана башкалар катышты.

Кыргызстандагы күнөсканалар ассоциациясынын президенти Говард Синдин айтымында, аталган күнөскананын аянты 1,5 гектарга жакын, анын басымдуу бөлүгүндө помидор өстүрүлөт. “Биздин планыбыз боюнча, жылына 500 тонна помидор чогултулат. Бул долбоорго бөлүнгөн инвестициянын өлчөмү 2 миллион доллар”,- деди ал.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан жашылчаларды Өзбекстандан жана Кытайдан сатып алат. Ошондуктан баалар кымбат. Республиканын аймагында күнөсканаларды иштетип, кыргызстандыктар үчүн жашылчалардын баасын арзандатсак деген ой менен ушундай долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдөбүз”,- деди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.

Белгилей кетсек, аталган күнөсканада 47 кыргызстандык иштейт. Алардын орточо айлык маянасы 9 миң сомду түзөт. “Бизге тамак-аш бекер берилет. Эч кандай даттануубуз жок. Биздей айылдыктар үчүн айлыгыбыз жетиштүү”,- деди күнөскананын кызматкерлеринин бири.

Айта кетчү нерсе, күнөскананы ачуу боюнча долбоор Кыргызстандагы Корея Республикасынын элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(16)
10.05.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ошондо Сарпашевдин бизнесиго ээ?
10.05.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга окшогон бизнестерди эмне учун мамлекетибиз озу иштетип, бюджетти толтура албайт. Кудайга шугур жер кенен. Сурап келген карыздарын ушинтип иштетип актай турган нерселерге жумшаса, онугуп башкача жашабайт белек. А депутаттарыбыз минтип элдин камын эмес оз чонтогун толтуруунун камын ойлоп чуркап журушот!
11.05.2014. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azem2013, туура айтасын ошону АША куруп элге иш берсе болбойбу чет олкодон киридит алып жейбербей
11.05.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azem2013, туура айтасын. Бюджетке тушо турган иш каналарды ачса болмок.
10.05.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимдики болсо болсун Кыргызстанга пайда келтирсе болду !
10.05.2014. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erhan, Пайданы эле ойлобой ошол нерсени озубуз жазашты ойлонуш керек.
10.05.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
было бы таких по больше, мисалы ар бир облуска ачыш керек, жыл бою элди камсыз кылып турса жакшы болот эле
10.05.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы ушунтип иштесе болот экенго кыргызстанда да
10.05.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана озунорду ойлобой Эл учун деп ушинтип кунос кана тоок кана ачсанар жумушсуздук азаймак
10.05.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине болсода жумуш оруну тузулуптур
10.05.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайлыктардан уйронуш керек миндай бизнестерди жургузушту Жашылча Сут азыктарын ондуруну кэн байлыктардан тура пайдалануну жолга салсак Анан электр эн.я Туризм Табыйгазды иштетуну жолго салсак Кыргызстанда озгоруш алдыга жылыш болот!Алга Кыргызстан!!!!!!!!!!
10.05.2014. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сарпашев газ качан келерин билбейт,аа помидор жеп жута турган кай жерде болсо ошол жерде экен да.Ой бийликтин мансапкорлору Ошко газды эртерээк бердиргилечи,а так эл мен кыйналдым.
11.05.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар министлик денгээлде ушул иш болуптур.соз жок
11.05.2014. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин адамдары кобойо берсин!
11.05.2014. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бали бали , Жанагы оппозициянын окулдорундо 2 милион доллар жокпу ?! Талап кылганды коюп ушундай пайдалуу нерселерди курсун . Анан чыгат элек ошолорду колдоп . Бул дагы Окмоттун кылып жатканы . Кээ бироолор кана эмне кылды эле дей беришет . Кылынбаган нерсе коп , бирок кылынып жаткан нерселер да болуп жатат . Куруш кыйын бузуш оной дегендй .
11.05.2014. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pomidordu arzan jep kalatkenbiz da emi!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: