Кыргыз мамлекеттик тарых музейи реконструкциялоо иштерине байланыштуу 2 жылга жабылат

Кыргыз мамлекеттик тарых музейи реконструкциялоо иштерине байланыштуу 2 жылга жабылат. Аталган жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, музей толугу менен эмес, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн бөлүмдөр кезеги менен жабылат. Реконструкциялоодо музейдин түндүк, батыш жана чыгыш тараптарына терезелер коюлмакчы. Мындан сырткары буюмдарды сактоочу жайга атайын жабдыктар сатылып алынып, сигнализация жана лифт коюлат.
Автор: Дамира Арстанова
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи - Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири. Музейде кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон баа жеткис тарыхый жана маданий ыйык эстеликтер аздектелип сакталып турат.
Музей 1925-жылы 9-декабрда негизделген. Өзүнүн алгачкы көрүүчүлөрүн 1927-жылы 5-мартта М.В.Фрунзе туулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүндө кабыл алган. Ал экспозиция Кыргыз автономиялуу облусунун I уюштуруу курултайына арналган.
Өлкөдөгү бул туңгуч Тарых музейинин биринчи директору жана анын этнография бөлүмүн негиздеген белгилүү окумуштуу-этнограф С.М.Абрамзон болгон.
Музейдин аталышы өзүнүн өсүп-өнүгүү тарыхында бир нече ирет өзгөргөн:
1925-1933-жылдарда - Кыргызстандын Борбордук музейи;
1933-1943-жылдарда - Мамлекеттик край таануу музейи;
1943-1954-жылдарда - Улуттук маданият музейи;
1954-жылдан баштап - Мамлекеттик тарых музейи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.