Жылнаама, 13-май: Мындан 28 жыл мурун “Евровидение-2009” сынагынын жеңүүчүсү Александр Рыбак туулган

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы КРнын Өкмөтү 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун мөөнөтүн узартуу тууралуу токтом чыгарган. Анда эски паспортту пайдалануу 60 жашка чейинкилерге 2011-жылдын 31-декабрына чейин, 60 жаштан жогорку курактагыларга мөөнөтсүз экендиги белгиленген.
* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы англиялык актёр, модель жана музыкант Роберт Паттинсон Лондон шаарында туулган. “Нибелунгдардын шакеги”, “Гарри Поттер жана оттун кубогу” деген киного тартылууга сунуш алган. Кийин “Күүгүм” тасмасында кан ичкичтин ролун жеткиликтүү аткарып, болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жете алган.
* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы норвегиялык ырчы Александр Рыбак Минск шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Александр 4 жашында ата-энеси Норвегияга көчүп кеткен. Осло шаарында музыкалык билим алган ырчы, скрипач 2009-жылы Москвадагы "Евровидение" сынагында жеңүүчү аталган. Сынакта "Жомок" аттуу ырды аткарып, Норвегияда өткөн турда 700, Москвадагы эл аралык сынакта 387 балл алып, рекорд койгон.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
* Мындан 101 жыл мурун, 1903-жылы Санкт-Петербург (Орусия) шаарында дүйнөдөгү эң алгачкы 4 моторлуу "Русский витязь" учагы абага көтөрүлгөн.


13-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.