Бишкекте 43 жаштагы жаран "бычак менен коркутуп, дүкөндүн сатуучусун тоногон" деп шектелүүдө
43 жаштагы жаран "бычак менен коркутуп, дүкөндүн сатуучусун тоногон" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, укук коргоо кызматкерлерине Бишкек шаарынын Гүлайым аттуу тургуну кайрылып, өзү иштеген дүкөндө белгисиз адам бычак менен коркутуп акча жана спирт ичимдиктерин алып кеткендигин маалымдаган. Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган Бишкек шаарынын Пулатбек аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.