Кыргыз чеберлери Лондон шаарында өтүүчү эл аралык жарманкеге катышышат

13-14-майда Лондон шаарында өтүүчү эл аралык жарманкеге Кыргызстандын атынан белгилүү зергер, көптөгөн сынактардын жеңүүчүсү Гүлсара Акматова-Дейвис жана Фарзана Шаршенбиева катышып, эмгектерин коюшат. Алсак, кыргыз зергери акак, аметист жана коралл таштары чөгөрүлүп жасалган зер буюмдарын койсо, Фарзана Шаршенбиева жибек менен жүндөн айкалаштырып жасаган жоолук, моюн орогучтарын тартуулайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Улуу Британиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Автор: Дамира Арстанова
Фото: Интернеттен алынды
Элчиликтин маалыматы боюнча, былтыр бул жарманкеде кыргыз чеберлеринин эмгектерин көрүүгө кезекке тургандардын, өзгөчө Түштүк Америка жана европалык кардарлардын саны көп болгон.
Белгилей кетсек, аталган жарманке "Кенсингтонском таун-холл" сарайында өтөт. Ага 100дөн ашык өлкөнүн чеберлери жана ашпоздору катышышат. Бул жарманке 55-жолу өткөрүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.