super.kg logo

Москвада чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын III дүйнөлүк форуму болуп өттү

 

Москвада 9-11-май күндөрү Орусиянын борбор калаасында чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын III дүйнөлүк форуму болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда аталган элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун ачылышында уюштуруу комитетинин төрагасы жана “Кыргыз биримдиги” коомдук мекемесинин жетекчиси Абдыганы Шакиров буга чейин өткөн эки форум 2012-жылы Нью-Йорк шаарында жана 2013-жылы Сан-Марино (Италия) шаарында өткөнүн эске салды.

Ал өз сөзүндө форумга катышкан Орусия жана Москванын өкүлдөрүнүн катышуусу кыргызстандыктардын тагдырына кабатыр эместигинен кабар бергенин белгилеп, шаар жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле форумга Москвада Жеңиш күнүнө карата өткөн иш-чараларга Кыргызстандан келген Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери катышты. Алар: Сейталы Учкунбаев, Алексей Варавин, Павел Нестеров. Ал эми Орусияда жашаган согуштун ардагери Ороз Мамралиев Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата Коргоо министрлигинин буйругу менен “КРнын куралдуу күчтөрүнүн ардагери” медалы менен сыйланды.

Иш-чарага КРнын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов, ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев, эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов жана көрүнүктүү коомдук, мамлекеттик ишмерлер жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз жаштарынын өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Америка, Африка, Австралия, Италия, Европа, Азия, КМШ өлкөлөрүнүн улуттук бирикмелери жана коомчулуктары катышты.
 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.05.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: