super.kg logo

Америка Кошмо Штатынан келген бий тобу жана сүрөтчү-графист Кыргызстанда семинарларды жана лекцияларды өткөрүшөт

 
“Rennie Harris Puremovement” бий тобу.
Сүрөтчү-графист Габриэль Спектер.

АКШнын “Rennie Harris Puremovement” бий тобу жана сүрөтчү-графист Габриэль Спектер Кыргызстанда семинарларды жана лекцияларды өткөрүү үчүн Бишкек шаарына учуп келишти. Алар 12-17-майда баш калаада, Ошто жана Кара-Балтада көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашат. Аны менен катар көчө искусствосунун фестивалына катышышат.

“Бир жума аралыгында аталган бий тобу жаштарга хип-хоп тарыхын айтып, бий жамааттарына үйрөтүүчү семинарларды өткөрөт. Ал эми америкалык сүрөтчү Габриэль жергиликтүү сүрөтчү-графисттер менен биргеликте №12-мектеп-гимназиясынын дубалына сүрөт тартып, Бишкектеги көркөм окуу жайдын студенттерине лекция өткөрөт” деп билдирет бүгүн, 12-майда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги.

Иш-чаранын жүрүш тартиби:

* 13-май – Кара-Балта шаары, Маданият үйү, саат 17:00

* 14-май – Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, саат 19:00

* 15-май – "Курманжан датка" аянтында, Көчө искусствосу фестивалы, саат 10:00-17:00 

* 16-май – Бабур атындагы Ош музыкалык драма театры, саат 17:00

* 17-май – Габриэль Спектер Бишкектеги №12-мектеп-гимназиясынын дубалына сүрөт тартат.

Кошумчалай кетсек, “Rennie Harris Puremovement” бий тобу доктор Лоренцо Ренни Харрис тарабынан 1992-жылы хип-хоп маданиятын тренинг, лекция, семинар аркылуу жайылтуу максатында түзүлгөн. Харис аталган топту түзөрдө адам өзүн көрсөтүү үчүн хип-хоп эң башкы формасы болоруна ишенген.

Габриэль Спектер – заманбап искусство багытындагы сүрөтчү-графист. Ал искусствого берилгендиги жана эмгекчилдиги менен эл аралык сыймыкка айланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: