super.kg logo

Бишкекте кичи автобустар боюнча рейд жүргүзүлүп, текшерилген 25 унаанын 16сы каттамга чыгуу укугунан ажыратылды (фоторепортаж)

 
МАИ кызматкерлери кичи автобустарды токтотуп жатышат.
Рейддин жүрүшүндө №127-маршрут менен жүргөн кичи автобус токтотулду.
Ушул кичи автобустун бампери бузук экени байкалды.
Рейддин жүрүшүнөн...
Бул кичи автобустун трафарети жараксыз деп табылды.
Эл ташуучу унаалардын көзгө комсоо көрүнгөн жактары дароо байкалат.
Эл ташуучу унаалардын көзгө комсоо көрүнгөн жактары дароо байкалат.
Эл ташуучу унаалардын көзгө комсоо көрүнгөн жактары дароо байкалат.
МАИ кызматкери административдик протокол түзүп жатат.
Рейддин жүрүшүнөн...
Бузук бампер
Бул кичи автобустун полу жыртык линолеум менен жабылганы аныкталды.
Рейддин жүрүшүнөн...
Бул кичи автобустун айдоочусу акыркы катарлардагы отургучтарды алып салганы үчүн жооп берет.

Бүгүн, 12-майда Бишкекте кичи автобустарды санитардык жана техникалык жактан иретке келтирүү боюнча журналисттердин катышуусунда рейд жүргүзүлүп, 2 сааттын ичинде текшерилген 25 унаадан 16сына каттамга чыгууга тыюу салынды. Аталган иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын жол-техникалык көзөмөлдөө инспекциясынын кызматкерлери өткөрүштү.

Маалым болгондой, 2014-жылдын 17-апрелинен 8-майына чейин ушул сыяктуу рейддердин жыйынтыгы боюнча 565 кичи автобустун айдоочуларына протокол түзүлүп, алардын 209у каттамдан четтетилген. 

Ага лейтенант Марс Султановдун айтымында, кичи автобустардын айдоочуларынын көбү ички орундуктарды алып коюшат. “Унаалардын сырткы абалы начар. Ар бир ишканада өзүнүн механиктери бар. Бирок, тилекке каршы, алар өз милдеттерин так аткарбай, унааларды ушундай бойдон чыгарып коюшат. Аларга административдик протоколдорду түзүп жатабыз”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.05.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылышыптыр, болбосо айдоочулар озум билемдик менен унааларынын тазалыгын карашпайт. Оздорун да тазалыкка, тартипке, маданияттуулукка чакырышса болмок. Озгочо 185-марш.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: