super.kg logo

Техастагы өрт кырсыгында жүздөгөн үй кыйроого учурады

 

Американын Техас штатындагы өрт кырсыгынын кесепетинен жүздөгөн үй кыйроого учурады. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, Хатчинсон аймагы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү 1,2 миң үйгө коркунуч жаралып жатканын айткан. Анын айтымында, соккон шамалдын ылдамдыгы саатына 90 чакырымга чейин жетүүдө. Бул өрттү өчүрүүгө тоскоолдуктарды жаратууда. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. 

Эске салсак, май айынын башында Оклахома штатындагы токойдон чыккан өрттөн миңдеген жашоочу өз үйүнөн кетүүгө мажбур болсо, бир адам көз жумган. Өрт аталган штатта абанын температурасы жогору болуп турган учурда чыкканы белгилүү болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: