Чүйдө 53 жаштагы жаран "43 жаштагы жаранды бычактаган" деп шектелүүдө
Токмок шаарында 53 жаштагы жаран "43 жаштагы жаранды бычактаган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.
9-май күнү саат 04:45 чамасында Токмок шаарындагы ооруканага бычактан жаракат алган жаран келип түшкөндүгү тууралуу маалымдалган. Дарыгерлердин аракетине карабай жаракат алган жаран эсине келбей жан берген. Каза болгон жаранга ким бычак көтөргөндүгүн аныктоо үчүн жүргүзүлгөн ыкчам аракеттин натыйжасында кылмышка шектүү катары 53 жаштагы Т.К. аттуу жаран колго түшүп, сурак учурунда кылмышты мойнуна алганы белгилүү болду. Иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.