super.kg logo

Ош. "Кара-Суу" базарында ураган дааратканадан каза тапкандардын жакындары тергөө иштеринин аягына чыкпай жаткандыгына нааразы

 

Кара-Сууда ураган дааратканадан каза тапкандардын жакындары тергөө иштеринин аягына чыкпай жаткандыгына нааразы. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда окуяда каза болгон Барниса Аманованын агасы Касым Аманов билдирди.

Анын айтымында, окуянын болгонуна эки жылга чамалап калса да, бүгүнкү күндө күнөөлүүлөр жазага тартылбайт келет.

Бүгүнкү күнгө чейин ошол даараткана ээси жана анын курулушуна уруксат берген башкармалыктын жетекчилери жазага тартылбай келет. Жадакалса ошол окуядан каза тапкан жарандар үчүн компенсация да азыркы күнгө чейин бериле элек”,- дейт ал.

"Териштирүүгө келе берип, бирок майнап чыкпаганынан улам сотторго болгон ишеничибиз жоголуп баратат",- деп кошумчалады.

Эске салсак, 2012-жылдын 3-ноябрында "Кара-Суу" базарындагы коомдук даараткана түшүп кетип, андан 4 адам каза болгон. Ал эми 16 адам түрдүү жарааттарды алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.05.2014. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой шумдук ары бери чампалап сала салышса керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: