super.kg logo

Европалык дельфия оюндарында кыргызстандык таланттар 15 байгелүү орунга ээ болушту

 

"2-7-майда Орусиянын Волгоград шаарында өткөрүлгөн Европалык дельфия оюндары болуп өттү. Ага Орусиядан 81 курама команда жана 30 мамлекеттен 10 жаштан 25 жашка чейин эки жарым миңден ашуун улан-кыз катышты. Ар бир номинация үчүн калыстар тобу түзүлүп, анын курамына 20 өлкөдөн 150дөн ашуун искусство ишмерлери кирген. Бул сынакта Кыргызстан 13 наам боюнча 15 байгелүү орунга ээ болду" деп билдирет бүгүн, 12-майда КРнын Маданият, маалымат жанан туризм министринин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын таланттары 1 алтын, 1 күмүш, 5 коло медаль жана 8 диплом өңөрүп кайтышты.

Алтын медалды М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окуучусу Жазгүл Ибраимова «Элдик ырларды ырдоо» номинациясында утуп алды. Ал эми күмүш медалга «Заманбап бий» номинациясында «Адис» хореография-вокал ансамбли ээ болгон.

Коло медалдардын ээлери:

- «Көркөм искусство» номинациясында - Бегайым Ибраимова, Бишкек мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын алдындагы Балдар көркөм мектебинин окуучусу;

- «Эстрадалык ырдоо» - Арина Тургунбекова, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайынын окуучусу;

- «Ди-джей» номинациясында - Вепа Гурбанов, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенти;

- «Элдик көркөм кол өнөрчүлүк» номинациясында - Мээрим Урматбек кызы, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин окутуучусу;

- «Цирк» номинациясында - Алымкан Муратбек кызы, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти.

Маалымат үчүн айта кетсек, дельфия оюндары – искусство жаатындагы жергиликтүү жана эл аралык ар тармактуу сынактар, фестивалдар, көргөзмөлөр, жолугушуулар. Дельфия оюндары жаштардын жана чоңдордун арасында байма-бай жүргүзүлүп келет. Аталган оюнга көптөгөн катышуучулар катышып, жеңүүчүлөр аныкталат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.05.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодецтер алган сыйлыгынар кут болсун. Дагы коп коп ийгиликтерге жеткиле.
13.05.2014. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:-):-):-):-):-):-):-)азаматсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: