super.kg logo

Жалал-Абадда тажик жаранын барымтага алып, апасынан акча талап кылгандар кармалды 

 

2014-жылдын 9-майында Жалал-Абадда барымтадагы адамды куткаруу боюнча ыкчам аракет жүрүп, кыргызстандык 2 жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, ушул жылдын 3-майында Тажикстан Республикасынын элчилиги тарабынан Кыргызстандын аймагында тажик жараны барымтага алынганы жана анын бошотулушуна көмөктөшүүнү өтүнгөн маалымат келип түшкөн. Анда Тажикстандын Н.С.С. аттуу жаранын барымтага алгандар анын апасына баласынын ур-токмокко алынган абалдагы сүрөттөрүн жөнөтүшүп, аны бошотуу үчүн 100 миң АКШ долларын талап кылышкан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышкерлер тажик жаранын барымтага алып турган жер аныкталган соң, А.Э. жана Ш.А. аттуу кыргызстандык жарандар кармалган. Кармалган мезгилде алардын жанынан 3 газ тапанчасы, 1 автомат жана КРнын күч түзүмдөрүнүн жасалма күбөлүгү табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.05.2014. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: