super.kg logo

Ысык-Көлдүн жээгинде III эл аралык марафон болуп өттү (фоторепортаж)

 
КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты Данияр Тербишалиев да марафонго катышты.
SUPER.KG порталына байма-бай кирген активдүү форумчулардын катарын толуктаган Midin92 (оңдо) марафонго быйыл экинчи ирет катышып отурат.
Жолдордо унаа каттамдары токтотулуп, жөө күлүктөргө жол берилди.
Марафондун жүрүшүнөн...
Марафондун жүрүшүнөн...
Марафондо жаш курактарына чектөө коюлган жок. Демек, кары-жашына карабай баарын бир катардан көрүүгө болот.
Марафондо жаш өзгөчөлүктөрүнө чектөө коюлган жок. Демек, кары-жашына карабай баарын бир катардан көрүүгө болот.
Марафондо жаш өзгөчөлүктөрүнө чектөө коюлган жок. Демек, кары-жашына карабай баарын бир катардан көрүүгө болот.
Кыздар да бардык жарыштарга катышты.
Спортчулар белгилүү бир аралыкка чейин чуркап келип, кайра артка, мара сызыгын көздөй чуркап жатышты.
Марафондун катышуучулары суу менен толук камсыз болушту.
Марафон Ысык-Көлдүн жээгинде быйыл үчүнчү ирет уюшулуп жатат.
Спортчулар белгилүү бир аралыкка чейин чуркап келип, кайра артка, мара сызыгын көздөй чуркап жатышты.
Ар бир спортчу мара сызыгынан сүрөөн менен өттү.
Марафондо атаандаштардан кыйла озуп кетүү кадимки көрүнүш.
Ири масштабдагы марафонго өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев да күбө болду.

10-майда Ысык-Көл облусунда III эл аралык марафон болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда 42 чакырым 195 метр аралыкка, 21 чакырым 97,5 метр аралыкка, 10 чакырым аралыкка, 5 чакырым аралыкка болгон жарыштар болду. Сергек жашоо образын жайылтууга багытталган жарыштардын жыйынтыгында төмөнкү спорт сүйүүчүлөрү мара сызыгын алдынкылардан болуп кесип өтүштү:  

Уландар арасында 42 чакырым 195 метр аралыкка болгон жарыш:

1-орун. Юрий Чечун (мара сызыгын 2 саат 18 мүнөт 48 секундда кесип өттү).

2-орун. Андрей Петров (2 саат 27 мүнөт 26 секунд).

3-орун. Илья Тяпкин (2 саат 44 мүнөт 8 секунд).

Кыз-келиндер арасында 42 чакырым 195 метр аралыкка:

1-орун. Марина Хмелевская (2 саат 58 мүнөт 15 секунд).

2-орун. Толгонай Шаева (4 саат 2 мүнөт 23 секунд).

3-орун. Алина Меремьянина (4 саат 6 мүнөт 8 секунд).

Уландар арасында 21 чакырым 97,5 метр аралыкка:

1-орун. Жоодарбек Көчкөнбаев (1 саат 17 мүнөт 45 секунд).

2-орун. Азамат Нуржанов (1 саат 19 мүнөт 3 секунд).

3-орун. Султан Айдар уулу (1 саат 22 мүнөт 43 секунд).

Кыз-келиндер арасында 21 чакырым аралыкка:

1-орун. Татьяна Новосельцева (1 саат 43 мүнөт 25 секунд).

2-орун. Ирина Миронова (1 саат 58 мүнөт 54 секунд).

3-орун. Юлия Фернас (2 саат 1 мүнөт 11 секунд).

Уландар арасында 10 чакырым аралыкка:

1-орун. Наиль Деникеев (34 мүнөт 53 секунд).

2-орун. Иван Колесников (36 мүнөт 44 секунд).

3-орун. Нурсултан Алымбаев (38 мүнөт 9 секунд).

Кыз-келиндер арасында 10 чакырым аралыкка:  

1-орун. Дарья Маслова (37 мүнөт 34 секунд).

2-орун. Кундуз Анарбекова (54 мүнөт).

3-орун. Гүлмира Дороева (55 мүнөт 45 секунд).

Уландар арасында 5 чакырым аралыкка:

1-орун. Александр Спиридонов (16 мүнөт 41 секунд).

2-орун. Василий Мелков (17 мүнөт).

3-орун. Эржан Насырынбеков (18 мүнөт 33 секунд).

Кыз-келиндер арасында 5 чакырым аралыкка:

1-орун. Мария Коробицкая (19 мүнөт 2 секунд).

2-орун. Аида Эркинбек кызы (23 мүнөт 20 секунд).

3-орун. Саадат Жанагулова (25 мүнөт 37 секунд).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: