Тоң районунда өрт кырсыгы катталып, 1 жылкы, 4 кой күйүп кетти
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 200 чарчы метр темир менен жабылган тооккананын чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-майда билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 11-май күнү саат 16:30 чамасында катталган. Анын кесепетинен 7 терезе, 2 эшик, 1 жылкы, 4 кой, 10 тоок, 1 тоннага жакын тезек күйгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.