Ноокен райондук военкоматында акча каражатын ээлеп алуу фактысы аныкталды
Ноокен райондук военкоматында акча каражатын ээлеп алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 12-май билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокен райондук военкоматынын жооптуу кызматкерлери район тургундарынан альтернативдүү кызмат үчүн 51 800 сом алышып, аны жасалма дүмүрчөк (квитанция) аркылуу өздөрүнө чегерип алышкан. Бул боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.