super.kg logo

Кыргызстандын 2014-жылдын 1-апрелиндеги абал боюнча салык карызы 1,5 миллиард сомдон ашуун сумманы түзөт

 

2014-жылдын 1-апрелиндеги абал боюнча салык карызынын суммасы 1 миллиард 578 миллион сомду, анын ичинен үмүтсүз салык карызы 439 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Мамлекеттик салык кызматынын 2014-жылдын 1-кварталынын иштеринин жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан коллегиянын отурумунда айтылды.  

Маалыматка ылайык, республиканын салык органдары тарабынан 2014-жылдын 1-кварталында салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында бюджетке 267 миллион сом түшкөн. 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 68,7 миллион сомго көп.

Салык төлөөчүлөрдүн эсебинде 425,7 миллион сомго 1588 салыктык төлөм талаптары (СТТ) коюлган. Бул көрсөткүч 2013-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 1031ге же 48 миллион сомго ашыкча.

Ошондой эле 227,6 миллион сомго 492 салык төлөөчүнүн мүлктөрүн тизмектеп каттоо жүргүзүлгөн.

Сот органдарына кароого 219,3 миллион сом суммасындагы 272 материал берилген. Алардын ичинен 81,641 сом суммасындагы 112 материал боюнча чечим бюджеттин пайдасына чыгарылган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.05.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ну ну!!! Карапайым эл салыктарын убагында эле төлөп жатышса керек, Чондордун алкымын кысыш керек. Ушул чондорубуздун айынан дагы САЛЫКТЫ кымбаттатыралы деп жатасынбы ??????
13.05.2014. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чондор жаман куйгузду адам эмес да акмактар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: