Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бюджет 1 миллиард 26 миллион сом менен толукталды
2014-жылдын 1-кварталында республиканын салык органдары тарабынан ишкердик субъектилерге карата 2577 салыктык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча бюджет 1 миллиард 26 миллион сом менен толукталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Салык кызматынын 2014-жылдын 1-кварталынын иштеринин жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан коллегиянын отурумунда айтылды.
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 214 миллион сомго же 26,4 пайызга ашыкча болду. Укук коргоо органдарына салыктык текшерүүнүн жалпы суммасы 100,4 миллион сом болгон 22 материал жиберилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.