super.kg logo

Тайырбек Сарпашев: "Салык кызматы бюджеттеги каражат чогултуучу системдердин бири болгондуктан, ага болгон талапты күчөтүү керек"

 

Эгер бюджетке түшкөн 1-квартал ичиндеги салыктык төлөмдөрдү толтура албоо боюнча суроолор жоюлбаса, ал ошол бойдон чечилбей кала берет. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Салык кызматынын 2014-жылдын 1-кварталынын иштеринин жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан коллегиянын отурумунда билдирди.

“Салык кызматында куттуктап же сүйүнө турчу эч нерсе жок. Бюджетке түшүүчү салыктык төлөмдөрдү көбөйтүү максатында ал бир өндүрүшкө эсептегич же видеокамераларды орнотуу зарыл. Салык кызматы - бюджетке каражат чогултуучу системдердин бири. Ошондуктан биз ага болгон талапты күчөтүшүбүз керек”,- деди Т.Сарпашев.

Анын айтымына караганда, Бажы кызматы былтыр пландык көрсөткүчтөрдү убагында аткарууга үлгүрбөй, бирок жыйынтыгында пландык көрсөткүчтөрдү толтурууга жетишти. “Эгер Салык кызматы 1-кварталдын пландык көрсөткүчтөрүн толтурбаса, мындан кийинки абал деле өзгөрүлбөйт. Ошол себептүү мекеменин жетекчилиги муну өз көзөмөлүнө алуусу керек”,- деп кошумчалады Т.Сарпашев.

Эске салсак, Салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-кварталы боюнча 89,4 пайыз салыктык төлөмдөрүн чогултту.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.05.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык а эмне учун уурдалган акчаларды чогулпайсынар.Мисалы озунуздукун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: