super.kg logo

Мамлекеттик салык кызматы май айында салыктан 3 миллиард 450 миллион сом чогултууну пландоодо

 

Мамлекеттик салык кызматы май айында салыктан 3 миллиард 450 миллион сом чогултууну пландоодо. Бул тууралуу кечээ, 12-майда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов аталган кызматтын 2014-жылдын 1-кварталынын иштеринин жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан коллегиянын отурумунда билдирди.

Өткөн жылы апрель айында салыктан 3 миллиард 10 миллион сом чогулган. Бул каражаттын 390 миллиону "Кумтөрдөн" түшкөн. “Бул көрсөткүчтү эсепке албаганда, биз 2 миллион 600 миң сом чогултканбыз. Анын ичинде "Кумтөрдөн" түшкөн сумма 70 миллион сомду түзгөн. Ошол себептүү планда 400 миллион сомго чукул кемчилик болуусу тууралуу коркунуч бар экенин эскерткем. Жумушту ыкчамдатуу менен бул көрсөткүчтү бир топ кыскартканбыз. Кырдаалды түшүнүү менен Каржы министрлиги жана өкмөттүн аппараты республикалык бюджетке 1,8 миллиард сомдон кем эмес каражат алып келүү тууралуу чек коюп беришкен. Биз 1,9 миллиард сом чогулттук”,- дейт ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.05.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми кумторду кунолошотта эээ бюджет салык толук тушпой калды деп, негизи салык кызматына ар кимди отургуза беришет бизде. масалиев деле тарыхчыда билими боюнча
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: