super.kg logo

Опузалап пара талап кылуу фактысына шектелип Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 4 кызматкери кармалды

 

Опузалап пара талап кылуу фактысына шектелип Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 4 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган милиция кызматкерлери чет элдик жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2 миң доллар талап кылышкан. 900 доллар алып жаткан жеринен Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын эки инспектору кармалды. Аталган кылмышка катыштыгы бар делинип ошол эле райондук ички иштер башкармалыгынын 2 кызматкери да колго түшкөн.

Алар уюшуп алышып, атайын даярдалган кыз аркылуу чет элдик жарандарды тузакка илишкен. Анан аларды “зордуктоого аракет кылдың” деп коркутушуп, акча талап кылышкан.

Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: