super.kg logo

Бишкекте “Кыргызстан жана Япониянын шериктеш көпүрөсү” аттуу достук фестивалы өтөт

 

24-майда Бишкекте “Кыргызстан жана Япониянын шериктеш көпүрөсү” аталышындагы маданият жана достук фестивалы өткөрүлөт. Иш-чараны Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Кыргыз-япон борбору уюштурууда.

Фестивалдын программасына ылайык, япон искусствосун, маданиятын жана салтын көрсөткөн иш-чаралар тартууланат.

Катышууну каалагандарга оригами - кагаздан ар түрдүү фигураларды жасоону үйрөткөн искусствосун өздөштүрүүгө, юката кийимин кийгенге, балдардын япон оюндарын ойноого, бонсай искусствосу менен таанышууга, япон ашканасындагы тамактарды татып көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары конокторго концерттик программа уюштурулуп, анда “Ооэдодайко” япон барабанчылары, спорттук (каратэ, айкидо, кендо, сумо, иайдо, дзюдо) көргөзмөлөр тартууланат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: