super.kg logo

Айыл чарба жана мелиорация министри: “Жаз кеч келгенине карабастан, дыйкандар өз жумуштарын так аткарышууда”

 

“Быйыл жаз мезгили 2-3 аптага кеч келгенине карабастан, биздин дыйкандар өз жумуштарын так аткарып жатышат”,- деп айтты бүгүн, 13-майда маалымат жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев.

Анын айтымында, дыйкандар алдын ала тракторлорду жана айыл чарба техникаларын даярдашкан. “Мурдагы жылга салыштырмалуу айдоо иштери бир аз артта бара жатат”,- деди ал.

Мындан тышкары министр айдоого жалпысынан 1178,4 миң гектар жер берилгенин баса белгиледи. "Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 8,0 гектарга көбүрөөк",- деп кошумчалады Айдаралиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: