Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин Абдрахманов – Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине тургузулат
СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин Абдрахманов – Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине тургузулат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда С.Чокморов атындагы фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, эстеликти жасоого жалпысынан 5 миллион сомдун тегерегинде акча каражат чогулду. “Учурда эстеликтин 25-28 пайызы бүттү. Анын бийиктиги 5 метрге тең болот. Эстелик колодон же жезден жасалабы деген маселе да алдыбызда турат”,- деди ал.
Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин орнотуу 2014-жылдын ноябрына чейин пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:08
2026-02-13
17:13
2026-02-13
10:28
2026-02-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















