super.kg logo

Нарын жана Ысык-Көлдөгү Юстиция башкармалыгы студенттер жана согуш ардагерлерине Ачык эшик күнүн өткөрдү

 
Ачык эшик күнүнө келген Улуу Ата Мекендик согуштун жана афгандын ардагерлери
Ачык эшик күнүнө келген Улуу Ата Мекендик согуштун жана афгандын ардагерлери
Ачык эшик күнүнө катышкан Ж. Алышпаев атындагы кооперация институтунун жана Нарын юридикалык колледжинин студенттери
Ачык эшик күнүнө катышкан Ж. Алышпаев атындагы кооперация институтунун жана Нарын юридикалык колледжинин студенттери
Ачык эшик күнүнө катышкан Ж. Алышпаев атындагы кооперация институтунун жана Нарын юридикалык колледжинин студенттери
Согуштун ардагерлерине түшкү тамак уюштурулуп, сый урмат көрсөтүлдү

Нарын жана Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгы студенттер жана согуштун ардагерлерине арналган Ачык эшик күнүн өткөрдү. Бул тууралуу кечээ, 12-майда Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чара 2014-жыл - Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына, Конституция күнүнө жана Жеңиш күнүнө карата уюштурулду.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ысык-Көл облустук күрөө каттоо кеңсеси тарабынан Ж.Алышпаев атындагы Кооперация институтунун жана Нарын юридикалык колледжинин студенттери, Улуу Ата Мекендик согуштун, Ооган согушунун ардагерлери чакырылды. Аларга жарандардын укуктары, эркиндиктери тууралуу кеңири маалымат берилип, жаштарды патриоттуулукка чакыруу үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин акыл-насааттары, кеп-кеңештери айтылды. 

Ошондой эле юстиция органдарынын ишмердүүлүгү, алардын аткарып жаткан кызматтары жана милдеттери, күрөөнү каттоо кеңсесинин иштери боюнча кеңири тааныштыруу, студенттерди юстиция органдары тарабынан укуктук пропаганда, укуктук маданиятты көтөрүү жана күрөөгө коюлуучу кыймылдуу мүлктөрдү каттоо жаатында жүргүзүп жаткан иш-чараларга жигердүү катыштырууну көздөөдө.

Мындан сырткары согуштун ардагерлерине түшкү тамак уюштурулуп, сый-урмат көрсөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: