super.kg logo

Ош облустук ички иштер башкармалыгы: Жеңишбек Сайдиевди айылдашы буюртма берип өлтүрткөнү аныкталды

 
Ошто бүгүн, 13-майда киши колдуу болуп көз жумган Жеңишбек Сайдиевдин өлүмү жана козголгон кылмыш ишинин жүрүшү боюнча маалымат жыйыны өттү. 
Анда Жеңишбек Сайдиевди жакын айылдашы Таалайбек Нуруев буюртма менен өлтүрткөнү аныкталып, окуяга маркум Жеңишбек менен айылдашынын ортосунда 2001-жылдан бери келе жаткан чыры себеп болгону айтылды. Ошондой эле кылмыш Таалай Нуриев өкүл баласы И.Султанов экөөнүн жасаган иши экени аныкталганы жана алардын 9-май күнү Бишкек шаарында мейманкана катары берилүүчү батирдин биринде жашынып жатышкан жеринен кармалганы белгилүү болду. Орусиянын жарандыгын алган 1971-жылы туулган Таалайбек Нуриев жана КРнын жараны, 1982-жылкы Исламбек Султанов кылмышка шектүү катары колго түшүрүлгөн.
Алардын берген көрсөтмөсү боюнча Ош шаарынын Черёмушка кичи районунун Ш.Руставели көчөсүндө жайгашкан №5-үйүнүн жанынан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү S 92-61 X мамлекеттик номерлүү автоунаа табылган.
Тинтүү учурунда калпактын бир бөлүгү жана колдун манжаларынын издери байкалган. Алар 10-май күнү Ош шаарына алынып келинип, кылмышка шектүү катары КРнын Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде камакка алынышкан. Учурда тергөө иштери уланууда. 
Жогорудагы кылмыш иши боюнча өткөн жыйынга Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ашым Тагаев, аталган башкармалыктын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн жетекчиси Шермамат Азизов жана ИИМдин өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Майлыбаев катышты.
Эске салсак, 30-апрель күнү болжол менен саат 15:17 чамасында азиат улутундагы 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз адам Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылынан жеке ишкер Жеңишбек Сайдиевге аңчылык мылтыгынан эки ирет ок атып качып кеткен. Алган жараатынан улам Жеңишбек Сайдиев 1-майда ооруканада көз жумган болчу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
13.05.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Азаматсынар милитция кызматкерлери!Менин милитциям мени коргойт.
13.05.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мил ит ция болуп калыптыр
13.05.2014. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
жон жургон кишини эле атып кетишпейт да, баары кылмышкерлер да. бирин бири атып жок кылышты
13.05.2014. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
toobaldaru созуно кошулам.
13.05.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирин олуп бирин кал.....булар бири бирин олтурбосо башка эч Ким олтурбойт....
13.05.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакщы кылмышкер кармалыптыр
13.05.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оз жазасын алсын,куноолулор
14.05.2014. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Очень хочется верить и надеяться что и заказчик и киллеры понесут наказания за содеянное как следует. Видите ли за Аллаха решили отнять жизнь человека.
14.05.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш просто саясий подстава болду буйрутма бергендер четте калды мойнуңа албасаң сени да өлтүрөбүз деп коркутту же чоң сумма предлагать этишти булардын колунан келбейт бул иш
14.05.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jeniw, менин оюмду жазыпсыз! Баракелде акылынызга) !
14.05.2014. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ак тилек тарапты Дыйкан - Кыштак деп коет экен, мен да Кара - Суу жакта болсо керек бул айыл дедим эле
14.05.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jikos, Ак тилеккти Дыйкан Кыштак дебейт. Актилектин жанында жайгашкан Д.Кыштак Карасууга караштуу. Ошондуктан Карасууда деп айтылат!!!
14.05.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekbolot-NOOKAT, jeniw, 91mele - 5 күнгө БАН!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Кабар ИИМдин берген маалыматы боюнча жазылган.
14.05.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон гана кылмышкерлерди таапканына ыраазы болушубуз керек сайасий буюртма экенин кайдан билебиз укпагандан кийин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: