super.kg logo

Мамлекеттин эгемендигинин 50 жылдыгына карата шаардык мэрия ачык сынак жарыялады

 

Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттин эгемендигинин 50 жылдыгына карата "Бишкек шаарын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн моделинин долбоор-концепциясы" аталышында ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу кечээ, 12-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак шаар куруу боюнча инженерлердин, архитекторлордун Бишкекте өтүүчү VI Курултайы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлер жана архитекторлор кеңеши тарабынан өткөрүлүүдө.

“Курултайдын аткаруу комитети тарабынан 2040-жылы белгиленүүчү КРнын эгемендүүлүгүнүн 50 жылдыгына карата Бишкек шаарын пландуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында аталган сынакты өткөрүү чечими кабыл алынды. Сынактын жыйынтыгы менен Бишкек шаарында шаар курууну 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча алдынкы идеяларды жана долбоорлорду алуу күтүлүүдө",-  деп белгилейт басма сөз кызматы.

Сынакты өткөрүү Түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженерлер жана архитекторлор кеңеши тарабынан каржыланууда. Керектүү маалыматтар жана документтер Бишкек шаарынын мэриясы аркылуу берилмекчи. Шарттары Түркия Республикасынын Экология жана шаар куруу министрлигинин техникалык колдоосу менен түзүлдү.

Ал эми жыйынтыктар 2014-жылдын 3-сентябрында жарыяланмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: