super.kg logo

Ысык-Көл облусунда Энелер күнүнө карата “Кадырман эне” наамдары тапшырылат

 

Ысык-Көл облусунда Энелер күнүнүн урматына карата “Кадырман эне” наамы облустагы 7 энеге тапшырылат. Бул наамды өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев 17-май күнү тапшырат. Ошондой эле 18-майда Каракол шаарындагы облустук төрөт үйүндөгү энелерди жеринде барып куттуктайт. 

Мындан сырткары МАИ кызматкерлери “Энелер күнү менен куттуктоону унутпа!” деген акция өткөрүшөт. Акциянын алкагында айдоочуларга эскертүүлөрдү беришет. Ал эми Каракол жана Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүктөрдө аскердик кызмат өтөгөн балдар үчүн уюлдук телефону аркылуу өз энелерин майрамы менен куттуктоо үчүн шарт түзүп берүү жагын Каракол, Балыкчы шаарларынын мэриялары уюлдук телефон компаниялары менен бирдикте өткөзөт. Бул тууралуу 13-майда өкмөттүн облустагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: