Өзбекстандан аткезчилик жол менен Кыргызстанга алынып келинген жер семирткич табылды
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Баткен облусунда аткезчилик жол менен Өзбекстан мамлекетинен Кыргызстанга алынып келген жер семирткичтер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Баткен облусунун Боз-Адыр айылындагы жеке менчик үйлөрдүн биринен 19,5 тонна карбамид минералдык заты табылган. Бул жер семирткичти Кыргызстандын К.Н. аттуу жараны бажы көзөмөлүнөн жашырып, Өзбекстандан Кыргызстанга алып кирген. Жыйынтыгында 200 850 сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн эмес. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин “аткезчилик” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Dalil

13.05.2014. 20:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекет озу жер семирткич ондурбогон сон ушундай озбектерден алып чыгып саткандарды жон эле койсо болмок. Баткендин жери жер семирткичсиз тушум бербейт. Канча туйшук менен озбекттерден алып чыкса ошону кармап аны да жок кылгыла. Б.а креслодо отургандар гана бул бизнес менен алектениш керек. Жонокой адамдар эми эле баштаганда тамырын кырка башташат. Эгер озбектерден жер семирткич келбесе Баткенде семирткичтин баасы кымбаттап, дыйкандарга гана кыйын болот.
primer-dent

14.05.2014. 09:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштеп бала чака багайын дегенго байкуш.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.