"Бандит" операциясынын жүрүшүндө тергөөдөн жана соттон качып жүргөн 27 адам кармалды
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы 6-майдан 8-майга чейин республика аймагында “Бандит” операциясын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 13-майда билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө 159 кылмыштын бети ачылып, 1 граната, 6 ок атуучу курал, 132 баңгизат алынды. Ошондой эле тергөөдөн жана соттон качып жүргөн 27 адам кармалды. Кармалгандардын арасында экөө уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.