Караколдогу бала бакчада 5 жаштагы кыз каза болуп, учурда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө
Каракол шаарында кечээ, 13-майда №7-бала бакчада 5 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Эсен Сатылканов билдирди.
“Тез жардам” станциясына саат 09:35 чамасында чакыруу түшкөн, 5 мүнөттүн ичинде дарыгерлер бала бакчага жетип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Дарыгерлер келгенде кыз клиникалык өлүм (дем алуусу менен кан айлануусу токтоого чейин барган өтө терең, бирок жашоо органдарынын иш-аракети кайра кайтарыла турган абал) алдында болгон. Бир ирет жандандыруучу жардам көрсөтүлүп, кыз облустук ооруканага тез арада жеткирилген, тилекке каршы, кыз каза болуп калды”,- деди Сатылканов.
Маалыматка ылайык, учурда кыздын өлүмүнө эмне себеп болгону тууралуу алдын ала маалымат жок, аны аныктоо иштери жүрүп жатат. Кыздын өлүмүн ачыктоо үчүн анын сөөгү кечээ соттук-медициналык экспертизага берилген, жыйынтыгы жакын арада чыгары маалым.
“Айта кетчү нерсе, медиктер өз убагында тиешелүү жардамды көрсөттү, кыздын өлүмүндө алардын күнөөсү жок. Жакынкы убакта бул иштин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет”,- деп кошумчалады Сатылканов.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон кыз бала бакчанын короосуна балдар чыккан учурда башы тегеренип, жыгылып түшкөн.

скорыйдын ичинде кыйраткан аппараттары жокда,
аягында врачтарда күнөө жок дегени жакшы экен,
история толтуруп олтуруп алышатко жинге тийишип