Дайынсыз делинип жаткан 24 жаштагы жаран Чу суусунан изделүүдө
Кочкор районунда 1990-жылы туулган Эдилбек уулу Рысбек изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 24 жаштагы Рысбек 7-май күнү саат 13:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча келген эмес. Ал эпилепсия оорусу менен ооруйт.
13-май күнү анын туугандары Чу суусунан карап берүү өтүнүчү менен ӨКМга кайрылышкан. Учурда 10 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.