super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Нарын шаарында муниципалдык мончо иштеп баштады

 

Нарын шаарында 31-декабрдан баштап муниципалдык мончо иштеп баштады. Нарын район аралык жылуулук берүү ишканасынын директору, шаардык кеңештин депутаты Улан Айтиевдин айтымында, жаңы мончону кайрадан куруп чыгууга 2 миллион сомго жакын акча каражат жумшалган. 40 орундуу жуунуучу жай орус жана түрк үлгүсүндөгү ысык буулантмалардан, массаж бөлүмүнөн турат. "Биздин ишкана 2011-жылдын апрель айында шаардагы муниципалдык мончону 5 жылга ижарага алып, оңдоо жумуштарын жасап, орундар санын кеңейткенбиз. Эркектер бөлүмү 70, аялдар бөлүмү 60 орунга кеңейтилди. Бизге берилгенден тарта мончодон 10 миллион 156 миң сом каражат түштү. Ошонун эсебинен өз күч-аракетибиз менен кошумча 40 орунду ачып жатабыз. Буюрса, жаз алды менен бассейн куруп, эс алуучу бөлүмүнө теннис ойноочу залды да кардарларга тартуулайлы деп турабыз",- деди Улан Айтиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: