Кыргыз улуттук опера-балет театрында “Бишкек – ислам маданиятынын борбору” аттуу иш-чара өтөт
20-майда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында “Бишкек – ислам маданиятынын борбору” аттуу иш-чаранын расмий бет ачар аземи өтөт.
Саамалык концерттик программа менен коштолот. Муну менен катар бул күнү Мамлекеттик тарых музейинде араб каллиграфиясы, Мекке жана Мадинанын макеттери жана Ыйык Каабанын жапкычынын фрагменти көргөзмөгө коюлат.
Ошондой эле программа боюнча “Ислам конференция” уюмунун башкы директору Абдулазиз Отман Аттвайжри менен КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиеванын жолугушуусу пландалган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aitunuk

14.05.2014. 19:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан светтик мамлекет болуп саналат, дин мамлекеттен ажыратылган, бул Конституцияда жазылган, демек, Бишкек эч кандай "ислам маданиятынын, анын ичинен диндин борбору" болуп саналбайт, жана дин мамлекеттик деңгээлде пропагандаланбаш керек. Министрдин сабатсыздыгын ушундан эле билсек болот.
Aitunuk түзөттү 14.05.2014 19:17
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.